Кантип SRT кызматкери болуу керек

Сиз изденүүчү анкетасын толтурушуңуз керек. Эмне үчүн бизде иштегиңиз келгенин көрсөткөн коштоочу катты тиркеп койсоңуз, андан дагы жакшы болот.

Тандоо кандай жүрөт жана андан ары Сизди эмнелер күтөт:

“Бул кандай түзүлгөнүн” түшүнүү үчүн биздин тандоо системабызды этап-этабы менен сүрөттөп беребиз.

  1. Биринчи этап – электрондук резюмени көндүмдөргө шайкештигине жана иш тажрыйбасына карата кароо. Көп учурда резюме Сиздин жеке сапаттарды чагылдырбайт, же резюмеде бир нерсе жазылбай калат, мындай учурда коштоочу кат Сиз жөнүндө кошумча пикирди жаратууга жардам берет.
  2. Экинчи этап – HR адис менен жеке аңгемелешүү.
  3. Үчүнчү этап – жетекчи менен аңгемелешүү.
  4. Төртүнчү этап – жумуш жөнүндө расмий сунуш, анда иштин бардык шарттары жана милдеттер жана эмгек акы көрсөтүлөт.
  5. Бешинчи этап – эмгек келишимин түзүү.

Сизге кандайдыр бир себептерден улам жумуш сунуштай албасак дагы, жөнөтүлгөн резюмени кароону убада кылабыз, Сиздин резюме биздин маалыматтар базабызда болот жана кийинки жолу резюмеңиз биринчи кезекте каралат.

Сизге ийгилик каалайбыз жана биздин ынтымактуу командабыздын бир бөлүгү болооруңузга үмүттөнөбүз.

Таржымалды тиркөө

Эгерде Сиз бизде иштегиңиз келсе, бирок бош кызмат ордун таппасаңыз, жөн гана таржымалды тиркеп коюңуз. Ылайыктуу кызмат орду чыгар замат биз Сиз менен байланышабыз