Бизнестик процесстерди башкарууну автоматташтыруу

Ишти оптималдаштыруу үчүн биздин компания моделдөө жана бизнес-процесстерди аткарууну оптималдаштыруу системаларын пайдаланат.
Бүгүнкү күндө биз төмөнкүдөй программаларды активдүү пайдаланабыз:

  1. Power BI
  2. Ispring Learn
  3. Optimum
  4. 1С ERP – 2021-жылы киргизүү баскычында турат.
pic

2020-жылы Power BI киргизүү боюнча долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.Бул бизнес аналитика системасы – компаниянын ишинин маанилүү көрсөткүчтөрү бар маалыматтык панелди түзүү:

  • Көп сандагы булактардан маалыматтарды жүктөө мүмкүнчүлүгү
  • Алынган маалыматтарды иштеп чыгуу, аларды бирдей түргө жана стандартка келтирүү
  • Бардык бириндеген маалыматтарды бирдиктүү моделге бириктирүү жана алардын байланышы, ал каалаган деңгээлдеги деталдаштыруу менен кызыктуу маалыматты алууга шарт түзөт
  • Ыңгайлуу форматта отчетторду сактоо мүмкүнчүлүгү (Excel, PDF, Power Point)
  • Булут чечими инфраструктура боюнча чыгым тартпоо мүмкүнчүлүгүн берет
pic
pic
iSpring Learn аралыктан окутуу платформасы

2020-жылы компаниянын жетекчилери тарабынан кызматкерлерди аралыктан окутууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул платформа бизге кызматкерлерди окутуу, көндүрүү жана тестирлөө процессин автоматташтыруу мүмкүнчүлүгүн берди.

Кызматкерлер каалаган түзүлүштөрдөн курстарды ача алышат: ноутбуктан, планшеттен жана телефондон. Мындай жол менен кызматкерлер каалаган ыңгайлуу убакта: үйдө, жолдо, кафеде же жумушта тыныгуу убагында курстан өтүшөт, тест тапшырышат жана өткөн материалды кайталашат.

Optimum мобилдик тиркемеси

Соода үчүн мобилдик тиркеме, SRT компаниясы 2010-жылдан баштап жана бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып келет, биз бардык процесстерди өркүндөтүү жана автоматташтыруу аркылуу программанын мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүксүз жаңыртабыз:

Буйрутмалар

Товарлардын сүрөтүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен, буйрутманы тез түзүү

Кайтаруулар

Товарды кайтарууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу

Каттамдар

Супервайзер пландайт — соода өкүлү өтөт. Стратегиялык маанилүү функция

Кирүүлөр

Потенциалдуу кардарлардын кирүүсүн каттоо – бизнести өнүктүрүү үчүн маанилүү учур

Калдыктар жана кампалар

Кампалардагы калдыктарды билүү жеткирүү булагын тандоо мүмкүнчүлүгүн берет

Кардарлардын карызы

Соода өкүлүнө аларды төлөө зарылчылыгы жөнүндө эскертүү үчүн кардардын карызы жөнүндө билүү маанилүү

pic

1С:ERP Ишкананы башкаруу
Компаниянын планында 2021-жылдын акырына чейин 1С ERP киргизүүнү аяктоо каралган.

Бул өнүм бизге негизги бизнес-процесстерди автоматташтыруу, компаниянын ишинин негизги көрсөткүчтөрүн контролдоо, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу, департаменттердин ишин координациялоо, компаниянын, бөлүмдөрдүн жана персоналдын ишинин натыйжалуулугун баалоо мүмкүнчүлүгүн берет.

pic