SRTга кош келиңиз!

Биздин компанияда иштөө бир катар артыкчылыктарды берет, алар тууралуу сизге сөзсүз айтып беребиз. Биздин негизги баалуулук – адамдар. Бул биз жумушка алган адамдар компаниябыздын маанилүү ресурсу болуп саналаарын түшүндүрөт. Бизде иштөө ыңгайлуу болушу үчүн, жакшы иштөө шарттарын, бонустарды жана жагымдуу жеңилдиктерди сунуштайбыз.

Артыкчылыктары
бизде иште
компания

Сынактар жана сыйлыктар

Биз үзгүлтүксүз компания ичинде сынактарды өткөрөбүз, ал ар бир кызматкерге өзүнүн бардык көндүмдөрүн жана натыйжалуулугун көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Ички окутуу академиясы

Кызматкерлерге иштеп баштаганда эле ыңгайлашуу программасы жана өз ишин жакшы аткаруусуна шарт түзгөн окутуу сунушталат. Андан ары квалификация деңгээлин жогорулатуу жана кесиптик өнүктүрүү каралган.

Иш графиги

Иш графиги 5/2 (беш күн иштеп, эки күн дем алыш), бул кызматкерлерге иштөө жана өзүнүн пландарын жүзөгө ашыруу үчүн өзүнө жана жакындарына толук кандуу көңүл буруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Аралыктан окутуу

Компанияда SRT кызматкерлеринин инсандык жана кесиптик өсүшү үчүн заманбап техникалык чечим киргизилген. Бул тиркеменин жардамы менен ар бир кызматкер жумуш үчүн зарыл болгон, бардык тренингдерге, эскерткичтерге, бет ачарларга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ашкана

Биздин кеңседе жайлуу ашкана жабдылган, анда микро толкундуу меш, муздаткыч жана башка тиричилик техникасы бар.

Сунуштама программа

Биздин компанияда “Досуңду ала кел” программасы иштейт. Эгерде сиз досторуңузга компаниябыздын пайдасы үчүн өзүн жумушта сынап көрүүнү сунуштасаңыз, сиз адамдардын ишке орношуусуна жана өзүн кесипкөй катары көрсөтүүсүнө жардам гана бербестен, компанияга дагы кам көрөсүз. Биз муну баалайбыз, ошондуктан досторун сунуштаган кызматкерлерге дем беребиз.

Кызматкерлерди жеткирүү

Биздин кеңсе шаардын борборунан алыс жайгашкандыктан, кеңсе үчүн кичи автобус бар, ал каттамга ылайык, күн сайын кызматкерлерди жумушка алып келет жана үйүнө жеткирет.

Мансаптык өсүү мүмкүнчүлүгү

Компанияда мансаптык өсүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Биздин тарыхыбызда кызматкерлер мансабын эң төмөн жактан баштап, ал эми азыр жетектөөчү кызматтарда иштеген көптөгөн мисалдар бар.

Биз бир орунда турбайбыз

Кызматкерлерибиздин ыңгайлуу эмгек шарттары сапаттуу жана жемиштүү иштөө үчүн маанилүү. Биз жетишкен ийгилик менен токтоп калбайбыз, компанияда иштөөнүн башка артыкчылыктарын киргизүүнү жана өнүктүрүүнү пландаштырабыз, алар бизде иштөөнү мындан дагы жагымдуу жана ыңгайлуу кылат.

Корпоративдик майрамдар

Биздин компаниянын кызматкерлери натыйжалуу иштегенди гана эмес, мыкты эс алууну дагы билишет.

Туруктуулук

SRT компаниясы 2000-жылдан бери рынокто иштейт. Бизде бизнестин бир нече багыты бар, 1300дөн ашык кызматкерди татыктуу жумуш менен камсыз кылабыз жана ишенимдүүлүктү жана туруктуулукту иш менен далилдей алдык.

pic
pic

Жаңы кызматкер үчүн алгачкы мезгилде канчалык оор экенин жакшы түшүнөбүз, ошондуктан Жаңы кызматкер болушунча ыңгайлуу ишке киришүүсү үчүн, иш-чаралар комплекси иштелип чыккан.

Бизге иштегени келген ар бир адамдын биз менен бирге калганы, өзүн команданын маанилүү мүчөсү, анын ажыратылгыс звеносу катары сезгени маанилүү. Ал өз келечегине тынчсызданбай, өзүн ишенимдүү сезгени маанилүү.

pic
pic

Насаатчы программасы

Ар бир жаңы кызматкерге биздин компанияда Насаатчы дайындалат, анын милдети ыңгайлашуу мезгилинде Жаңы кызматкерге жардам берүү болуп саналат. Жыйынтыгында кызматкер өзү үчүн жаңы жумуш менен жалгыз калбайт. Ал милдеттерди караштырып жана алардын маанисин түшүнүүгө умтулуу менен, жумушка жай сүңгүп киришет. Насаатчы жумуш учурларында, ошондой эле жамааттагы өз ара мамилелерде жардам берет, жергиликтүү салттар, эрежелер жөнүндө жана башка керектүү маалыматты айтып берет.

Аралыктан окутуу, мобилдик тиркеме аркылуу

Ар бир жаңы кызматкерге биздин компанияда Насаатчы дайындалат, анын милдети ыңгайлашуу мезгилинде Жаңы кызматкерге жардам берүү болуп саналат. Жыйынтыгында кызматкер өзү үчүн жаңы жумуш менен жалгыз калбайт. Ал милдеттерди караштырып жана алардын маанисин түшүнүүгө умтулуу менен, жумушка жай сүңгүп киришет. Насаатчы жумуш учурларында, ошондой эле жамааттагы өз ара мамилелерде жардам берет, жергиликтүү салттар, эрежелер жөнүндө жана башка керектүү маалыматты айтып берет.

Ыңгайлаштыруу программасы

Жаңы кызматкерлер үчүн алгачкы күндөн тартып биз менен иштешүү оңой жана ыңгайлуу болушун каалайбыз, ошондуктан ыңгайлаштыруу системасын түздүк. Ар бир Жаңы кызматкер үчүн бизде программа даярдалган, анда жаңы маалыматты изилдөө боюнча бардык кадамдар жазылган. Бул программанын аркасында жаңы кызматкер ал эмнени билиши керектигин, бул кайда жайгашканын жана муну кантип алууга болоорун билет. Бизде иштеген ар бир кызматкер колдоо көрсөтүүбүздү жана камкордугубузду сезет деп үмүттөнөбүз, өз кезегинде биз сунуштар үчүн ачыкпыз жана мыкты болуу үчүн программага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярбыз.

pic
pic
pic
pic