SRT Group компаниясы 2000-жылдын 7-ноябрында түзүлгөн. Негиздүүлүк жана бизнеске перспективалуу мамиле кылуу компанияга Кыргызстандын рыногунда лидерлик орундардын бирин ээлөө мүмкүнчүлүгүн берди.
6800 соода түйүнүнүн активдүү кардарлар базасы
Кесипкөй кызматкерлер бардык каналдар боюнча сатууларды жүргүзүшөт, мында ар бир өнөктөштүн сатуу жеке өзгөчөлүктөрүн эске алабыз жана ийкемдүү жана максималдуу натыйжалуу түзүмдү түзөбүз
Ар кандай жүк көтөрүмдүүлүккө ээ болгон унаалардын жеке паркы чакан соода түйүндөрүнө дагы, дүң кардарларга жана супермаркеттерге дагы товарды тез жана ишенимдүү жеткирүүгө шарт түзөт.
Товардык категорияларды үзгүлтүксүз талдоо, ошондой эле маркетинг программаларынын натыйжалуулугу кызматкерлердин эксперттик деңгээлин сактоого шарт түзөт. Промо иш-чараларды ишке киргизүү атаандаштар арасында лидерлик позицияны сактоо мүмкүнчүлүгүн берет
12 миң чарчы метрден ашык кампа жайлары бар, алардын ар бири кирүүчү темир жолго ээ. Бул жетиштүү өлчөмдө товардык көлөмдү сактоо жана жеткирип берүүгө байланыштуу кыйынчылыктардан алыс болуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Кызматкерлер үчүн ар кандай тренингдер жана квалификацияны жогорулатуу үчүн иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп турат. Жамааттын ынтымагын бекемдеген, майрамдык жана корпоративдик иш-чаралар салтка айланды. Биздин компаниянын топ менеджерлери жогорку кесиптик деңгээл жана иштеги шыктануу - "SRT Group" компаниясынын ийгилигинин кепили экенин түшүнүү менен, ар бир кызматкерге өзгөчө көңүл бурушат.
Ишти оптималдаштыруу үчүн биздин компания моделдөө жана бизнес-процесстерди аткарууну оптималдаштыруу системасын пайдаланат. Бүгүнкү күндө биз төмөнкүдөй программаларды активдүү пайдаланабыз: Power BI, Ispring Learn, Optimum, 1С ERP – 2021-жылы киргизүү баскычында турат.
Финансылык бөлүмдү модернизациялоо жана автоматташтырылган системаны пайдалануу компанияны мамлекет, өнөктөштөр жана кызматкерлер менен өз ара аракеттенүүдө заманбап жана туура эсептөөлөр менен камсыздайт.
Биздин компаниянын өнүмдөрү менен онлайн тиркемесинин болушу чекене соода түйүндөрүнүн ээлери үчүн жеткиликтүү жана SRT Groupтун бардык ассортиментин сатуу үчүн кошумча ресурс болуп саналат. көбүрөөк маалымат