Ramada by Wyndham Bishkek Central отели

pic
Ramada by
Wyndham Bishkek Central отели
Адрес Бишкек шаары, Исанов көч., 37Айдоо багыттары телефон +996 (312) 61–07–07 +996 (312) 61–09–09 Booking.com сайтынан караңыз
pic
pic
4 жылдыздуу Ramada by Wyndham Bishkek Central отели бүткүл дүйнөлүк белгилүү Ramada by Wyndham эл аралык тармагына кирет.

Отель шаардын борборунда, бардык министрликтердин жана ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын, эл аралык уюмдардын, соода борборлорунун, музейлердин, театрлардын, көңүл ачуучу жана бизнес-борбордун, ресторандардын жана Борбордук аянттын жанында жайгашкан.

Ramada by Wyndham Bishkek Centre 64 ыңгайлуу номерди сунуштайт: 56 стандарттык / делюкс / жакшыртылган жана 8 жарым люкс «Хан Сьют» номери. Номерлерде HD Smart TV, акысыз кабелдик каналдарды тандоо мүмкүнчүлүгү, жөнгө салынуучу кондициялоо системасы, муздаткыч, сейф,  туалеттик буюмдардын топтому жана акысыз чай / кофе менен чайник бар.

Кызмат көрсөтүүлөр жана соода түйүндөрү
  • «The Address GrillBar» гриль бары саат 00:00гө чейин иштейт.
  • «Султан Холл» жана «Сапфир залы» конференц-залдары 12-160 адамга эсептелген.
  • «Keep Fit» спорт клубу.
  • Тамеки тарткандар жана тартпагандар үчүн номерлер.
  • Кир жуу кызматы.
  • 24/7 режиминде номерлерди тейлөө, рецепция, күзөт, акысыз унаа токтомо.
  • “Манас” эл аралык аэропортуна/аэропортунан транспорт
  • Акысыз Wi-Fi Интернет.